Жайкы олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов башкы машыктыруучусу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында Ысык-Көл облусунда окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуу-машыгуу жыйыны бүгүн, 16-февралда башталып 9-мартка чейин уланат.
Белгилей кетсек, машыгуу спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык өткөрүлүп жатат жана аталган дирекциянын эсебинен каржыланган.
"Токио-2020" жайкы олимпиада оюндары ушул жылдын 23-июлунда старт алып, 8-августта аяктайт.