"Ноутбук, куран китеп, акчалай белек". Интернет жылдызы Бекболот Садыр Жапаров менен онлайн жолугуп, белек алды

Ысык-Көлдүн Балбай баатыр айылына эки кабат мектеп салып бериңиз деп президент Садыр Жапаровго кайрылып интернет жылдызына айланган Бекболот президент менен онлайн жолугушту. Бул тууралуу блогер Азирет Осмонов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылууу видео кайрылууда айтты.

"Бүгүн Бекболот экөөбүз Садыр Нургожоевичке жолукмакпыз. Бирок жолугууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын бир нече себептери бар. Президентибиз учурда обочолонуу режиминде болуп жаткандыгына байланыштуу көп адамдардын кирүүсүнө тыюу салыныптыр.

Бекболот менен Садыр Жапаров видео чалуу аркылуу сүйлөшүп, президентибиз Москвага болгон иш сапарынан келгенден кийин Бекболотту кабыл ала тургандыгын билдирди", - деди ал.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров интернет жылдызына куран китеп, ноутбук жана акчалай сыйлык берген.

Буга чейин интернет жылдызы Бекболоттун президент Садыр Жапаров менен жолугушары тууралуу имиштер тараган. Ал эми президенттик аппарат Садыр Жапаровду Бекболотту кабыл алары тууралуу бүгүн, 16-февралда белгилүү болорун айтышкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
algakaray
2021-02-16 22:02:49
Кут болсун Бекболот! Ден соолук, узун омур, журогундо ыйманын болсун!
+10
Siren90
2021-02-16 23:06:00
Ноутбукту кичине бала эмне кылмак эле, андан көрө атасы экөө жалгыз жашайт экен, үй тиричилигин жеңилдетүүчү техникаларды же үйүнө ыңгайлуу шарт түзүп беришсе жакшы болот беле
+7
make2
2021-02-16 23:54:55
Онлайн жолугуу деген болчу беле суйлошту десе болмок президенттик апапат элди алдап эмне деп жазышты билет, чек ара эмне болду Саке
-11
bema_bema
2021-02-17 00:27:53
Оруссияга иш сапары менен барат экен,ошого байланыштуу 14 кун аралыктан иштейт деп кечээ жаздыго.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан