Биз социалдык тармакта

Баткенде оор шартта жашап, балдарын мектепте окута албай калган 13 үй-бүлө аныкталды

Оор шартта жашап, мектепке тартылбай калган Кызыл-Кыя шаарынан 3 өспүрүм, Баткен районунун аймагынан 10 үй-бүлө аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында жана Баткен районунун аймагында “Лидер” аталышындагы иш-чара болуп өткөн.

"Билим берүү жана социалдык коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте зордук-зомбулукка кабылган, кароосуз калган, аты-жөнүн ырастоочу документтери жок жана мектепке тартылбай калган окуучуларды аныктоо максатында кыдыруулар болду. Жыйынтыгында жалпы 13 үй-бүлө аныкталып, социалдык коргоо бөлүмүнө керектүү маалыматтар жиберилди.

Мындан сырткары, бузуулар кодексинин 61-беренеси "ата-энелик милдеттерден качуу" боюнча Кызыл-Кыя шаарынан 3 ата-энеге, ал эми Баткен районунан 7 ата-энеге протоколдор толтурулуп айып пулдар салынды", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан