Аба ырайынын жылып баштаганына байланыштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн жууп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө линияда 5 атайын сугат техникасы бар.
"Ушул аптанын аягы жаан-чачындын күтүлүүсүнө байланыштуу калган 20 унаанын жабдыктары калыбына келтириле элек. "Тазалык" ишканасы аба ырайынын шартына жараша көчөлөргө туз чачып, карды тазалайт, ал эми жылуу мезгилде борбор калаанын көчөлөрүн жууйт.
Тазалоо жана таштандыларды жыйноо иштөө убактысына ылайык, таңкы саат 5те башталат. Жалпысынан 16-февралда санитардык тазалоо иштерине 647 көчө шыпыргыч, 119 жүктөгүч, 18 багбан тартылган", - деп жазылат маалыматта.