Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык университеттерди Пакистандын кара тизмесинен чыгаруу маселеси талкууланды

Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Бейшеналиевдин Пакистанга болгон жумушчу сапарынын алкагында орун алды. Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар орто жана жогорку билим берүү, кесиптик билим берүү, эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Пакистан студенттеринин Кыргызстанда окутуу үчүн шарттарды жакшыртуу маселелерин жана Кыргыз Республикасынын медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу жолдорун талкуулашты.

Буга чейин Пакистан Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык окуу жайлардын бардыгын кара тизмеге киргизип жана өз жарандарына Кыргыз өлкөсүнө барып окуусун сунуш кылбаары тууралуу маалымат жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан