Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев "Кумтөр" боюнча комиссия кандай максатта түзүлүп жатканын сурады.
Бекешев бул маселени Жогорку Кеңешке шылтап койбой, президент өзү жоопкерчилик алышы керектигин белгиледи.
Буга чейин депутат Жыргалбек Турускулов "Кумтөр" маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. "Кумтөр" боюнча жарандарыбызда суроолор көп, экологиялык абалы, берилип кеткен жер боюнча, запастар тууралуу дагы сөздөр бар. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм",- деди ал.
Бекешев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын убактысы аз калды, бул комиссиянын ишин аягына жеткирүүгө жетишпей калыша турганын белгиледи.