2021-жылы Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары анда ойнотула турчу медалдардын сүрөтүн жарыялады.
Маалыматка ылайык, медалдардын ортосунда Токио оюндарынын эмблемасы жана улуттук итимацу оюсу түшүрүлгөн.
Эскертке кетсек медалдардын аталган дизайны 2019-жылы көрсөтүлгөн, анда уюштуруучулар Олимпиада оюндары 2020-жылы өтөт деген ишеничте болушчу.
Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлүшү керек. Ошол эле учурда Олимпиада быйыл өтсө дагы "Токио-2020" аталышын сактап калат.