Бир түндө милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан Ыкчам күзөт кызматынын 5 унаасы айып төлөөчү короого киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Унаалардын техникалык бузууларын аныктоо багытында өткөрүлгөн рейдтик иш-чара учурунда, Ыкчам күзөт кызматынынын “ГБР” 3 унаасын документ жок айдоо, сүрөттөр түшүрүлгөн транспорт каражатын башкаруу беренелеринин негизинде убактылуу айып короого киргизилди.
"Ыкчам күзөт кызматынын унааларына көгүлтүр түстөгү жарык берген сиренаны орнотууга тыюу салынууда жана милициянын кайгуул кызматы мындай мыйзамсыз орнотулган сиреналарды алышууда. Ошондой эле 2020-жылы аталган күзөт кызматынын унааларынын катышуусунда жол кырсыктары жана жол эрежелерин бузуу боюнча 8 окуя катталган",- деп билдирет басма сөз кызматынан.