Биз социалдык тармакта

Чүйдүн тургунунун денесине оор залал келтирген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Чүйдүн тургунунун денесине оор залал келтирген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2021-жылдын 29-январь күнү Чүй РИИБине арыз менен Кара-Ой айылынын тургуну кайрылган. Арызда чала тааныш адамы ага орой мамиле кылып денесине залал келтиргенин билдирген. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган 1980-жылы туулган Э.Т. аттуу жаран кармалган. Азыркы учурда шектүү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө иш амалдары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-02-17 12:26:17
Э.Т дебей аты жөнүн толук жазбайсыңарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан