"Өзүңө ишенесиңби?". "Барселона" клубу Хабиб Нурмагомедовдун "ПСЖ" клубуна жан тарткан билдирүүсүнө реакция кылды

Буга чейин UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы "Барселона" - "ПСЖ" беттешин стадионго барып көрөрүн, анда "ПСЖ" клубуна жан тартарын жазгандыгы кабарланган.

Жарыяланган посттун алдына "Барселона" клубунун расмий баракчасы "Сен өзүңө ишенесиңби? Өзгөртүүгө эч качан кеч эмес" деген билдирүүсүн калтырды.

Хабиб Нурмагомедов "Барселона" клубунун башкы атаандашы "Реал Мадрид" клубунун күйөрманы экени көпчүлүккө маалым.

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы "Барселона" - "ПСЖ" оюну 1:4 эсебинде "ПСЖ" клубунун жеңиши менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
futboler
2021-02-17 12:37:57
Жаш балдардын сөзүнөн болуптур го, келтек жесең атаңа айтпайсыңбы, жекеме жеке чыгасыңбы дегендей)))
0
Nurik555
2021-02-17 12:45:22
futboler, Ал дегени биздин клубка кел дегени дагы да кеч эмес деп
-1
Omur993
2021-02-17 13:01:31
Жооптук беттеш камбек болот дегени.
0
Taalai-bek
2021-02-17 13:23:53
Omur993,камбек болбой калат ко дейм. Ал жакта Мбаппе деген жээним ойнойт
+2
Mularamov
2021-02-17 15:49:55
Taalai-bek,Неймар авасы трамвадан чыгабы
0
bayern-munchen
2021-02-17 17:07:30
быйыл бир дагы испан клубу чемпион боло албайт даже фаворит дагы эмес хабибдин хала мадриди коп дардандабай турсун Ювентус Бавария же Сити же ПСЖ чыксын жолунан мадрид деле оз жолун таппай уйуно кайтат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан