СССРди дээрлик чейрек кылым башкарып турган Иосиф Виссарионович Сталин ар кандай кайчы пикирдеги сыпаттамалар менен болсо да тарыхта аты калды. Кээ бирөөлөр ага Улуу Ата Мекендик согушта советтик армияга жеңиш алып келген, СССРдин дүйнөлүк аренада өз ордун тапкан, алдыңкы державанын бири болуусуна түрткү болгон улуу кол башчы катары бааласа, кээ бирлер өлкөнүн алдыңкы интеллигенция өкүлдөрүн, чыгаан кол башчыларын, динге ишенген жана колунда бар карапайым калкты аёсуз репрессияга тарткан катаал мүнөз диктатор катары сыпатташат. Ал жөнүндөгү талашсыз фактылардын бири - анын сөзмөрдүгү. Көпчүлүк тарыхчылар, кол башчынын жанында жүргөн аткаминерлер Сталин айрым учурларда чукугандай сөз таап, курч тамашалар менен сүйлөгөнүн айтышат. Анын какшыктары, азилдери көптөгөн аткаминерлерди кызматынан алып, атууга чейин жеткирсе, айрымдарын кызматынан жогорулаткан. Бул ирет Сталиндин ар кайсы архивдерде, эскерүүлөрдө сакталып калган шакабаларын чогултуп, окурмандарга сунуштоону эп көрдүк.
Жан сакчы
Иш сапарларында көпчүлүк учурда Сталинди Туков аттуу күзөтчүсү коргоп жүргөн. Туковдун унаада кетип бара жатып уктап калчу адаты бар эле. Сталин менен чогуу отурган аткаминерлердин бири айдоочунун жанында уктап бара жаткан Туковду көрүп, мындай дейт:
- Жолдош Сталин, мен түшүнбөй калдым, жан сакчы сизди коргойбу же сиз аныбы?
Кебелбеген кол башчы:
- Ошону айтсаңыз, мунусу аз келгенсип "эмне болуп кетерин ким билет" деп, тапанчасын менин чөнтөгүмө салып койду.
Туков чакан бөлмөдө оорукчан кызы, жубайы менен кошо жашагандыктан түнү толук кандуу эс ала албай калып, жумуш учурунда көп уктачу адат таап алган. Муну уккан Сталин жан сакчысына ыңгайлуу, заманбап турак-жай бөлүп берүү тапшырмасын берген.
Маршал Рокосовскийдин көңүлдөшү
Бир жолу маршал Константин Рокосовскийдин жаш актриса менен көңүлдөштүк мамилеси бар экендиги тууралуу маалыматты Сталинге жеткиришкен жан-жөөкөрлөрү эмне кылабыз деп сурашат. Ал бир аз ойлонуп туруп:
- Эмне кылмак элек, суктанабыз да, - деп жооп берет.
Мага баарыбир
1942-жылы артиллериялык түзүмдөрдүн конструктору Василий Грабинди чакырып, андан сурайт:
- Сиздин замбирегиңиз өлкөнү сактап калды. Бул үчүн кандай сыйлык алууну каалайсыз? Социалисттик Эмгектин Баатыры наамынбы же Сталиндик премияныбы?
- Мага баарыбир, жолдош Сталин.
Жыйынтыгында Грабинге жогоруда айтылган эки сыйлыкты тең ыйгарышкан.
Балтиканын бир бөтөлкө суусу
Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда маршал Иван Баграмян кол алдындагы аскерлери менен алгачкылардан болуп Балтиканын жээгине чыгышат. Мындай ийгиликти Сталинге өзгөчө кабарлагысы келген маршал деңизден бир бөтөлкө суу алып, адъютантына сууну кол башчыга жеткирүүнү буюрат. Адъютант учак менен Москвага жеткенче Гитлердин армиясы каршы чабуул уюштуруп СССР аскерлеринин Балтика жээгинен сүрүп чыгарат. Мындан кабары жок адъютант Сталиндин кабылдамасына келет. Бул учурда душмандын каршы чабуулу тууралуу Сталиндин кабары бар эле.
- Жолдош Сталин, маршал Баграмян сизге Балтиканын суусун берип жиберди.
Сталин бөтөлкөнү бир саамга карап алып:
- Сууну кайрадан маршалга алып бар. Кайдан сузуп алса ошол жерге куюп койсун.
"Ушул жерден түшүп калайын"
Бир күнү Сталинди "Поезд чыгышка бара жатат" аттуу фильмди көрүүгө чакырышат. Тасма анын көңүлүнө анчейин толо бербегендиктен, фильмде поезд токтоп калган учурда жанындагылардан "бул кайсы станция?" деп сурайт.
- Жолдош кол башчы, көрүп турганыңыз Демьяновка станциясы.
- Анда мен дал ушул станциядан түшүп калайын, - деп Сталин кинотеатрдан чыгып кетет.
Засядько чекти билет
Сталин бир нече аткаминерлер менен чогуу өлкөнүн көмүр өндүрүү министрлигинин жетекчилигине кимди дайындоо тууралуу талкуулап калышат. Аталган кызматка Александр Засядько сунушталганда чогулгандардын бири каршылыгын билдирет.
- Засядько жакшы иштейт, бирок ал спирттик ичимдиктерди көп ичет.
Муну уккан Сталин Засядькону чакыртып, сөз арасында ичимдиктен ууртап отурууну сунуштайт. Засьядко макул болуп, бир чөйчөк аракты алып жиберет. Сталин экинчи ирет куйганда аны да эч каршылыгы жок ичип коёт. Кол башчы үчүнчү ирет чөйчөктү сунганда Засядько каршылыгын билдирип:
- Жолдош Сталин, Засядько чекти билет, мага бул жагы жетиштүү болду - деп ичпей коёт.
Кийинчерээк аткаминерлердин жыйынында кайрадан министрликке Засядьконун талапкерлиги каралып, кайрадан анын көп ичери айтылат.
- Ал чекти билет, - деген Сталиндин сөзүнөн кийин Засядько министрликке дайындалып, бир топ жыл бою СССРдин көмүр өндүрүш тармагын жетектеп турган.
"Баары туура жазылган"...
Согуштан кийин бир генерал-полковник аткарылган иштер боюнча Сталинге отчёт берип калат. Отчётту Сталин кунт коюп, жакшы маанайда угат. Сөз бүткөндөн кийин аскер жетекчиси бир нерсе айтчудай болуп, бирок мукактанып туруп калат. Муну байкаган колбашчы:
- Сиздин дагы айта турган кебиңиз барбы?
- Ооба, жолдош Сталин. Германиядан мен бир нече буюмдарды алдым эле, бирок аны чек арадан тартып алышты. Мүмкүн болсо ошол буюмдарды кайтарып беришсе жакшы болор эле.
- Мунун жарасы жеңил, рапорт жазыңыз,мен кол коюп берейин.
Генерал-полковник чөнтөгүнөн алдын-ала даярдалган рапортту алып чыгып, Сталинге сунат. Колбашчы кагазды алып, "полковниктин буюм-тайымын кайтарып бергиле. И. Сталин" деп жазып кол коюп берет.
Муну байкаган жетекчи:
- Жолдош Сталин, сиз ката жазып алдыңыз окшойт, мен полковник эмес, генерал-полковникмин.
- Жо-ок, жолдош полковник, бул жерде баары туура жазылган. Сиз адашып алдыңыз, - деген Сталин жетекчинин генералдык чинин алып салууга буйрук берет.
Башы жок жетекчи
Адмирал Иван Исаков 1938-жылдан тарта Деңиз флотунун төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген. 1946-жылы ага Сталин телефон чалып, аны жетекчилик кызматка дайындоону туура көрүп жатканын айтат. Адмирал:
- Жолдош Сталин, сизге айтып коюшум керек, менин бир кемчилигим бар. Бир бутум жок, оорудан улам дарыгерлер кесип салышкан.
- Айтайын деген башка кемчилигиңиз жокпу?
- Жок.
- Буга чейин башы жок жетекчилер деле иштеп келишкен, сиздин бутуңуз эле жок экен, бул эч нерсе эмес.
Балдар үйүнө белек
Согуштан кийин Сталин бир профессордун Москвага жакын жердеги кымбат баалуу дачаны өзүнө өткөрүп алганын угат. Профессорду өзүн чакыртып:
- Бул чынбы? - деп сурайт.
Профессор:
-Чын, жолдош Сталин.
- Бул дачаны балдар үйүнө белек кылганыңыз үчүн сизге терең ыраазычылык билдиребиз, - деп Сталин профессорду көп жылдарга Новосибирск шаарына жөнөтүп жиберет.
Сталин "каза болду"
1936-жылдын күзүндө батыш өлкөлөрүндө "Иосиф Сталин оор илдеттен каза болду" деген ушактар тарап кетет. Чет өлкөлүк Чарльз Ниттер аттуу журналист маалыматтын чындыгын тактоо максатында Москвага келип, Кремлге кат жөнөтөт. Журналисттин катына Сталин төмөндөгүдөй жооп менен кат узаткан:
"Урматтуу Ниттер мырза! Чет элдик басылмалардын маалыматына таянсак, мен эчак эле аркы дүйнөгө кетип калыптырмын. Эгерде цивилизациялуу адамдардын катарынан чыгып калууну каалабасаңыз, анда батыш өлкөлөрүнүн басылмалары жазган маалматтарга ишениңиз. Ошондуктан менин о дүйнөдөгү бейпил жашоомду бузуп, тынчымды албаңыз. Сизди терең урматтоо менен И. Сталин. 26-октябрь, 1936-жыл".
Арарат тоосу
Чет элдик журналисттердин бири Сталинден сурап калат:
- Эмнеге Армениянын гербинде Арарат тоосунун сүрөтү тартылган? Бул тоо Армениянын аймагында жайгашкан эмес да.
- Түркиянын гербинде деле жаңырган айдын сүрөтү түшүрүлгөн, ай деле Түркиянын аймагында эмес да.
3 мүнөт
Украинанын айыл чарба тармагынын жетекчисин политбюронун жыйынына отчёт берүүгө чакырышат. Ал:
- Кенен отчёт берейинби же кыскачабы? - деп сурайт.
Сталин:
- Кааласаңыз кенен, кааласаңыз кыска сүйлөңүз. Сизге туптуура 3 мүнөт убакыт беребиз.
Немис аскер флотунун тагдыры
Согуштан кийин Иосиф Сталин, Франклин Рузвельт жана Уинстон Черчилль менен биргеликте Германиянын аскердик флотун эмне кылабыз деп талкуулап калышат. Сталиндин "бөлүп алалы" деген сунушуна Черчилль "чөктүрүп салалы" деген сунушун киргизет. Буга Сталин:
- Алгач бөлүп алалы, андан кийин сиз өз үлүшүңүздү чөктүрүп салыңыз, - деп жооп берет.
"Тескерисинче айткыла"
Кол башчы метеорологдордон сурап калат:
- Силердин божомолуңар канча пайыз туура чыгат?
- 40 пайыз.
- Силер анда тескерисинче айткыла, ошондо ыктымалдуулук 60 пайыз болот.
Нефть жок болсо Байбаков да жок болот
Согуш учурунда Сталин Нефть өнөр жайынын комиссары Николай Байбаковго жаңы нефть корлорун ачуу тапшырмасын берет. Комиссар бул тапшырманы аткаруу мүмкүн эместигин айтканда ага кол башчы мындай дейт:
- Нефть болсо Байбаков болот, нефть жок болсо Байбаков да жок болот.
Көп өтпөй Татарстанда жана Башкортостанда нефть корлору ачылат.
Мекендин баасы канча?
"Победа" (Жеңиш)аталышындагы унааларды чыгарып жаткан учурда алгач унаага "Родина" (Мекен)деген ат коюшат. Муну уккан Сталин "Мекенди канчадан сатмакчы болуп жатабыз?" деген какшыктуу суроосу унаанын аталышынын өзгөрүшүнө түрткү болгон.