Бүгүн, 17-февраль күнү түндө Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында каталондук "Барселона" клубу өз үйүндө Франциянын "ПСЖ" клубун кабыл алып, оюн 1:4 эсебинде "ПСЖ" клубунун жеңиши менен аяктады.
Оюндун экинчи бөлүгүндө каталондуктардын коргоочусу Жерар Пике менен чабуулчусу Антуан Гризманндын ортосунда оозеки кагылышуу орун алган. Бул тууралуу Sport.es. басылмасы жазды.
Пике: "Бир дагы жолу биз топту өзүбүздө көбүрөөк кармай алган жокпуз. Шайтан алгыр. Ойночу."
Гризманн: "Акырыныраак"
Пике: "Бир дагы татыктуу топко ээлик кыла элекпиз"
Гризманн: "Болду Жерар. Акырыныраак"
Пике: "Шайтан алгыр. Гризманн"
Гризманн: "Жоголчу"
Пике: "Биз кыйналып ойноп атабыз. Беш мүнөттөн бери бизде оюн ушундай уланып жатат".
Бул эки команданын жооптук оюну 11-мартта Париж шаарындагы "Парк дэ Пранс" стадионунда өтөт.