Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында бүгүн, 17-февралда майданды шаардын сыртына көчүрүүгө каршы болгондор жыйын өткөрүшүүдө.
Жыйынга катышкандар ипподромду көчүрүп, ордуна футбол талаасын куруу чечимине каршы экенин билдиришүүдө.
Борбор калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков ипподромду өнүктүрүү гана пландалып жаткандыгын айтты.
«Өкмөттүн 2020-жылдын 2-сентябрындагы токтому бар, анда жаңы ипподромдун курулушун ушул жерден баштоо керек, эскилиги жеткен имараттар бузулат. Эки тендер жарыялаганбыз, бирок катышууга каалоочулар дагы болгон жок. Толук кандуу ипподром болот, орундардын саны көбөйөт",- деди Акылбеков.