Биз социалдык тармакта

Залкарлардын айкелдери, курал-жарактар, керемет сүрөттөр... Айкелчи Тамила Маматованын кызыктарга бай өнөрканасы (видеорепортаж)

Залкарлардын айкелдери, китептер, курал-жарактар, көз жоосун алган сүрөттөр... Мунун баары айкелчи Тамила Маматованын өнөрканасынан кезиктирүүгө болот. SUPER.KG порталы айкелчи айымдын өнөрканасына баш багып, чыгармачылыгы менен таанышып кайтты.

Тамила Маматованын жумушунда колдоно турган курул-жарактардан баштап, кантип айкелчи болуп калганы, бул сырдуу өнөрдүн өзгөчөлүгү, жумуш процесси, келечектеги пландары тууралуу айтып берди.

Эске салсак, буга чейин Тамила Маматованын колунан жаралган Чыңгыз Айтматовдун көлөмдүү айкели коомчулукта кызуу талкууга түшүп, көпчүлүктун мактоосуна арзыган. Бул эмгекти жаратууда айкелчи бир жыл убакыт иштеген. Айтматовдун портретин чагылдыруу үчүн анын чыгармаларын окуп, ар түрдүү түспөлдө чагылдырууга аракет кылган. Талыкпаган эмгектин артында бийиктиги 3 метр болгон залкар жазуучунун айкели жаралган. Учурда айкелдин калпы Кыргыз өлкөсүндө, ал борбор калаабыздын көрүнүктүү жерине коюлса деген оюн Тамила Маматова айым айтып өттү. Толугу менен видеодон көрүңүз.

Сүрөтчүлүк, айкелчилик өнөрдү аркалап, жасаган эмгектери менен эл оозуна алынган кыргыздын сыймыктуу кызынын маегин ушул шилтемени басып кирип окуңуз.

Айкелчи Тамила Маматованын кызыктарга бай өнөрканасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2021-02-23 19:47:00
Азаматсын. Супер инфо Ушундай Талантуу, билимлуу, ийгиликтуу кыздарды кобурок эл алдына чыгарып турсанар жакшы болоор эле. Анткени адам бироону коруп, бироонун талантын уйронуп улгу алат. Мындай кыздар баардык мактоого татыктуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан