Биз социалдык тармакта

Президенттик аппарат: "Өзбек тарап мурдагы бийлик кол койгон документтер менен чек арада инженердик иштерди жүргүзгөн"

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы учурдагы чек ара маселелери тууралуу маалымат таратты. Ал төмөндөгүдөй жазылган.

"2017-жылдын 16-августунда бекитилген № 31 протокол "Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков делегация башчысы болгон "2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга киргизилген. Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон. Өзбек тарап мурдагы бийлик тарабынан кол коюлган документтер боюнча чек арада инженердик иштерди жүргүзгөн.

Азыркы бийлик учурда мамлекеттик чек аранын мурда макулдашылбаган тилкелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө бир дагы метр жер боюнча макулдашууга кол коюлган жок",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nina.alex
2021-02-17 17:20:24
Мурдагы бийлик ким,Жээнбеков??
+2
Belek1710
2021-02-17 17:46:14
Кеткен бийлике шылтай бербей, кетирген каталарын оңдойлу эми, кеч болуп кала электе.
+3
zam81
2021-02-17 18:28:14
Кептин баары кеткенден кийин билинетда
+3
Rusbayastan
2021-02-17 19:22:46
Сатылган жер сатылып кетти аны кайра беришпейт,калган жерлерди тактап чек араны тосуп салгылачы,элди кыйнабай.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан