Биз социалдык тармакта

Мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. 20-февралдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөт

Өлкө аймагында 20-февралдан 23-февралга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-22-февралда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Аймактарда төмөнкүдөй аба ырайы күтүлөт:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Талас өрөөнүндө: түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5 градус;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8 градус болот.

Жолдор тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан