Бириккен Араб Эмираттарынын кайрымдуулук фонду тарабынан өлкөдө билим берүү комплекси курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, министр Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барып, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анда тараптар билим берүү жана илим тармактарындагы бир катар кызматташуу багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптарды кызыктырган кызматташтык багыттарын аныктоо жана жооптуу адамдарды дайындоо менен, алар боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү макулдашылды.