SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Сагын Эргешовдун "Жүрөгүмө жашап алдыңбы" ыры кошулду.
Ырчынын айтымында, ырды жаздырууга, клип тарттырууга жалпысынан 2 ай убакыт кеткен.
10-ФЕВРАЛДАН 17-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Мурадил Данияровдун "Болбой эле" видеокомпозициясы эң аз добуш топтоду.
9-орунга - Калыс Жакыповдун "Баары мүмкүн" кавери жайгашты.
8-орун - Анжеликанын "Бакытым" видеоклибине буюрду.
7-орунду - Тата Уландын "Келатат жаштар" чыгармасы камсыздады.
6-орунду - Аваз Акимовдун "Элегант" аталышындагы клиби ээледи.
5-орунга - Кызсайкалдын "Атыңыз жашайт жүрөктө" видеоклиби жайгашты.
4-орун - Айгерим Расул кызынын "Роза" чыгармасына буюрду.
3-орун - Мирлан Баековдун "Өксүк ыры" аталышындагы клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" композициясы ээледи.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Сайкал Садыбакасованын "Жакшы сөз айтчы мага" ыры эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү композицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.