Борбор калаабыз Бишкекте Венгриянын жогорку окуу жайларына кабыл алуу сынактары өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, сынактар компьютердик тест аркылуу ишке ашып, адамдык фактор жоюлган.
"Талапкерлер сынактын жыйынтыгын компьютерден тест бүткөн соң дароо көрө алат. Ошондой эле жыйынтыктар онлайн форматта ачык шилтеме http://test.ncokoit.kg/infoo.php аркылуу көрсөтүлөт.
Жалпы жыйынтык бүгүн (17.02.2021) министрликтин расмий сайтына түнкү саат 12:00гө чейин салынат", - деп билдиришти министрликтен.
Буга чейин 150 кыргыз студенти Венгриянын окуу жайларында акысыз билим алары
кабарланган.