Бүгүн, 17-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат.
87 килограмм салмак ченинде Калидин Асыкеев өлкө чемпиону аталды. Ал финалда Бексултан Назарбаев аттуу балбандын үстүнөн жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунун биринчи күндүк мелдештеринде 5 салмак категорияда жалпы 130 балбан килем үстүнө чыкты.
Учурда финалдык беттештер уланууда.