Бишкекте Аламүдүн суусуна түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 17-февралда Бишкек шаарындагы Жибек Жолу кең көчөсүндө эркек адам Аламүдүн суусуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылды. Белгисиз себептен улам сууга түшүп кеткен 1975-жылы туулган К.П. аттуу жаран 5 метрлик бийиктиктен атайын шаймандар менен чыгарылып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлдү. Жарандын абалы канааттандырарлык", - дешти мекемеден.