Күрөш боюнча өлкө чемпиондугу: Шухрат Сайтазимов өлкө чемпиону аталды

Бүгүн, 17-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өтүп жатат.

72 килограмм салмак ченинде Шухрат Шайтазимов өлкө чемпиону аталды. Кызыктуу финалдык беттеште ал Бек Коңурбаевдин үстүнөн жеңишке жетти. Ал эми үчүнчү орундарды Аслан Тойчиев жана Ийгилик Сатымкул уулу ээледи.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунун биринчи күндүк мелдештеринде 5 салмак категорияда жалпы 130 балбан килем үстүнө чыкты. Учурда финалдык беттештер уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан