Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды аймагында күйөөсү менен ажырашып кеткен аял иштерин бүтүргүчө баласын бир аз убакытка карап туруусун суранган. Анда аялдын мурунку жолдошу аны уруп, зомбулук көрсөтөм деп коркуткан. Ал 6 айга эркинен ажыратылды. Окуя мындан 2 ай мурун, тагыраагы, 2020-жылдын декабрь айында болгон. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Окуянын чоо-жайы:
Т.Р. аттуу жаран 2020-жылдын 23-декабрында саат болжол менен 9:00 чамасында Кайыңды аймагында С.Р. аттуу аялды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, аны жакасынан кармап жулмалап жерге кулатып жиберген.
Айыпталуучу Т.Р. - 1975-жылы Талас облусунда туулган, улуту кыргыз, билими орто, мурда соттолбогон. Учурда Панфилов районунун Кайыңды аймагында жашайт.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын 119-беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Майда бейбаштык, башкача айтканда, зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп атайылап жасоо менен айыпталат.
Жабырлануучу соттук отурумда айыпталуучу анын мурунку жолдошу экенин айтып, ал мыйзам чегинде жаза алуусун суранган.
"Айыпталуучу Т.Р. менин мурунку жолдошум, биз 2018-жылы ажырашып кеткенбиз. 2020-жылдын 23-декабрында саат 9:00 чамасында менин иштерим чыгып, баламды атасы карап турсун деген ой менен анын үйүнө ээрчитип баргам. Бир аз убакытка баланы таштап турайын десем, ал учурда жашап жаткан аялы менен уруша кетип, аялына болушуп мени уят сөздөр менен урушуп, жакамдан кармап жулмалап, желкемден кармап жерге түртүп жиберди", - деп көрсөтмө берген С.Р. аттуу жабырлануучу.
Айыпталуучу сотто өз күнөөсүн моюнга алган эмес.
"Өткөн жылы 23-декабрда эртең менен уктап жатсам аялым тургузуп эшикте бирөө чакырып жатканын айтты. Эшикке чыксам мурунку аялым балабызды карап тур деди. Анан эле бир маалда ал азыркы аялым менен уруша кетти, бала калбайм деп кайра өзү кетип калды. Мурунку жубайым өзү биринчи мага кол көтөрүп урушуп баштады, анан мен аны моюнунан кармап түртсөм жерге жыгылып калды, болгону ушул", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.
Өкүм:
Сот топтолгон далилдерге юридикалык баа берип, жабырлануучунун, айыпталуучунун соттук кароодо беришкен көрсөтмөлөрүн угуп, өкүм чыгарды. Айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 6 айга эркиндигинен ажыратылсын. Ошондой эле пробациялык көзөмөл коюлсун.