Кыргыз режиссёрлоруна таандык тасмалардын баарын эми онлайн кинотеатрдан көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Режиссёр жана продюсер Сүйүн Откеев буга чейин тесттик режимде "Этномедиа" онлайн кинотеатрын түзгөн. 17-февралда аталган кинотеатрдын расмий ачылышы орун алды.
Онлайн кинотеатрда бардык кыргыз тасмалары, анын ичинде эски жана жаңы чыккан тасмалар дагы бар. Мындай тиркемени түзүүнүн максаты - кыргыз тасмаларын жайылтуу, өнүктүрүү экенин уюштуруучулар айтышат.