Өлкө рыногунда жаңы продукт даярдала баштады – атайын таңгактагы, муздатылган уйдун сулп эти

Даамдуу эттин мурун өрдөгөн жыты.. Жашылча гарнирлери менен буу чыгып турган эт табактарга салынган. Ашкөктөр акыркы штрих... Мына эми бардык үй-бүлө мүчөлөрү бир столго чогулушту.

Ммм, эң сонун кечки тамак. Кожойкенин кулинардык талантын баары мактап, “мунун баарына кантип жетишип жатасың” деген суктануу менен берилген суроолор ар тараптан айтылды.

- А мен сага мунун сырын айтып берем, - деп курбум жайнаган күлкүсү менен кыштын кечтеринде, татаал жумуш күнүнөн кийин даамдуу тамак менен кантип үй-бүлө мүчөлөрүн кубандырганын айтып берди.

- Кечээ жакын жердеги “Народный” дүкөнүнөн муздатылган эт алдым. Сакталган брикеттерди колдонуу убактысы келди. Андан кийинки жумуш – техниканын жана дасыккан колдордун иши.

Пайдалуу жана коопсуз тамакты даярдоо үчүн дагы бир маанилүү шарт бар. Дал ошол Кыргызстандагы жаңы технология тууралуу (бир гана бул тууралуу эмес) биз сүйлөшөбүз.

Мен кожойке катары көпчүлүк сыяктуу эле жумуш күнүнөн кийин бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө кечки тамак даярдоо үчүн убакыт бөлүшүм керек. Курбумдун ийгиликтүү тажрыйбасы мага да түрткү берип, аталган азык тууралуу көбүрөөк билүүнү кааладым.

Аба кирбеген таңгакка оролуп, муздатылган уй эти “Народный” дүкөндөр тармагынын муздаткычтарында өткөн жылдын аягында пайда болгон. Жергиликтүү рынокто бул жаңылык. Пластик идиште муздатылып, кадимки ашкана плёнкасы менен оролгон куш этин баарыбыз жок дегенде бир жолу сатып алганбыз. Сатып алып дароо бышырылса анда жакшы. Товарды көбүрөөк сатып алган учурда эмне болот? Жаңы эт муздаткычта канча күн сакталат? 3-4 күн. Эгерде температуралык режим сакталса бир аз көбүрөөк. А эттин ширелүү кесимин тоңдурууну каалабайсың. Тоңдурулган эттин сапаты кетип калары ар бир кулинарга белгилүү. Мындай эттен жасалган тамак биз күткөндөй болбой калат. Мындан сырткары тоңдурулган этти эритүү да бир топ убакытты алат.

Мына ошондуктан бат бузулуучу азыктын сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн жана микроорганизмдердин өнүгүүсүнүн алдын алуу үчүн технологдор быша элек этти газдык-модификациялык жол менен консервалоону ойлоп табышты. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери колдонулуп келе жаткан мындай технология тамак-аш өндүрүшүндөгү алдыга жылуу болду.

Адисти угабыз.

-Этте көпчүлүк бактериялардын көбөйүшүнө ыңгайлуу боло турган атайын чөйрө түзүлгөн. Өндүрүшчүнүн максаты – бактериялардын өнүгүүсүнө, азыктын бузулушуна жол бербөө. Бактериялардын көбөйүшү – ферменттердин таасири аркылуу белоктордун, майлардын, углеводдордун бөлүнүшүнө алып келет, - деп түшүндүрдү “Народный” Соода үйү” ЖЧКсынын өндүрүш департаментинин сапат боюнча улук эксперти Манзура Эляхунова.

Этти пайдаланууга жарактуу бойдон сактоо механизми эмнеге негизделген?
Аны таңгактоо үчүн Италияда жасалган атайын аппарат колдонулат.
Алгачкы этапта ваакум жасалат, башкача айтканда, бардык аба сордурулат. Андан кийин муздатылган азыкка аэробдук микрофлоранын өнүгүүсүнө тоскоолдук кыла турган инерттик газдардын аралашмасынан турган модификацияланган атмосфера аралаштырылат. Мындай аракеттер коопсуз жана азыктын даамына жана сапатына эч кандай таасирин тийгизбейт.

- Инерттик газдардын комбинациясы (углероддун диоксиди жана азот) азыктын өзү менен аракеттенишпейт, эттин өңү, жыты, даамы сыяктуу органолептикалык көрсөткүчтөрүн өзгөртпөйт. Бирок микробдордун көбөйүшүнүн алдын алат. Мындан сырткары, төмөнкү температура менен биохимиялык процесстердин алдын алабыз. Газдык-можификациялык орток жана төмөнкү температуранын жардамы менен азык эки жолу консервацияланат, - дейт тамак-аш өндүрүү тармагынын эксперти.

Маанилүү! Этти сатып алууда, андан ары сактоодо эрежелерди сактоо керек. Эң алгач брикеттерди тандоодо сактоо мөөнөтүнө жана таңгактын бүтүндүгүнө көңүл буруңуз. Таңгакка зыян келтирилбеген жана аба өтпөгөн болушу керек. Бул бара-бара эттин бузулушуна алып келет. Үйдө ачылган брикетти муздаткычта 48 сааттан ашпаган убакытка сактоого болот. Таңгагы ачылбаган азык -1 градустан 4 градуска чейинки температурада 10 күн сакталат.

Бул шарттар сакталган учурда өндүрүүчү азыктын сапатына жана коопсуздугуна кепилдик берет. Бир жагынан бөлүнгөн сулп эт салынган брикеттер абдан ыңгайлуу. Анткени этти кесүүгө жана ашкан бөлүктөрүн тоңдурууга убакыт сарптоонун кереги жок.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан