Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы үйлөрдүн биринин чатырынан кыргыз мигрант жигит кулап кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн 21 жаштагы жараны чатырды кардан тазалап жатып, кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен катуу жаракат алган жигит жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Ооруканада жамбаштын жана бел омурткасынын жабык сынышы, ичтин жабык жаракаты жана баш мээси чайкалганы аныкталып, оор абалда реанимацияга жаткырылган.