"2015-жылы качып кеткен". Бишкекте эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

16-февралда Бишкек шаарынан мурда издөөдө жүргөн, тыюу салынган уюмдун мүчөсү катары С.А.С. аттуу кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кармалган адам эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болгон жана 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун террористтик уюмдардын курамында жүрүп өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Тергөөдөгү кылмыш иштеринин алкагында аталган адам кармалып УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhazgul98
2021-02-18 11:05:54
Террорист болуп туулбайт, аларды ошондой кылып тарбиялайт. Кантсе да, ар бир адам эркин, тең укукта төрөлөт, ар бир адам башында бирдей генетикалык капиталга ээ. Ар бир маданиятта, ар бир элде, белгилүү бир сандагы эгоисттер жана белгилүү бир март адамдар бар. Айрымдары жоокер катары тарбияланып, үгүттөөнүн жардамы менен аларга баш ийүүбөөгө , өлтүрүүгө, өз көз-карашына ээ болбоого үйрөтүшөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан