"Манас" эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал "Манас Менеджмент Компани" жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташуудагы коррупциялык схема боюнча кармалган.
Мурат Примбердиев коррупцияга шектүү катары 17-февраль күнү кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
Буга чейин "Манас" эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалган.