Белгилүү орусиялык актёр Андрей Мягков 82 жаш курагында каза болду. Маалыматты актёр иштеген А.Чехов атындагы көркөм театрдын кызматкерлери тастыктаганын аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, актёр бүгүн, 18-февралда каза болгон. Театр жана кино актёру, режиссер, СССРдин Эл артисти Андрей Васильевич Мягков 1938-жылы 8-июлда Санкт-Петербург шаарында туулган.
Актёрду коомчулук 1975-жылы Элдар Рязановдун "Тагдырдын тамашасы, же Жеңил парыңыз менен" тасмасы чыккандан кийин жакшы таанып калган. Мягков ошондой эле Рязановдун "Кызматтагы арзуу" (1977) комедиясындагы Новосельцевдин ролу менен да көрүүчүлөрдүн эсинде калган.