Биз социалдык тармакта

"1 миллиард 357 миллион сом". Ош шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджети бекитилди

Бүгүн, 18-февралда Ош шаарынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджети бекитилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясында Ош шаарынын 2021-жылга бюджетинин жана 2022-2023- жылдарга божомолун, 2021-2023- жылдарга шаардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн божомолун бекитүү жөнүндө маселе каралып, 2021-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджети 1 миллиард 357 миллион 700 миң сом болуп бекитилди.

2021-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү төмөндөгүчө:

  • 22,2 пайыз жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар;
  • 0,5 пайыз коргонуу тармагы;
  • 11,1 пайыз экономикалык маселелер;
  • 29,8 пайыз турак-жай жана коммуналдык чарба;
  • 6,1 пайыз маданият жана спорт тармагы;
  • 29,2 пайыз билим берүү тармагы;
  • 1,1 пайыз социалдык коргоо тармагы түзүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан