Бүгүн, 18-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушу өткөрүүдө.
"Мен учуп келип эле бул жакка жөнөдүм. Саат 16:00дө бул жактан учуп кетем. Жумушка барып андан соң президент менен жолугам. Эртеңден баштап бир нече чиновниктерди камакка алабыз. Себеби алар элдин канын соргондор. Жөндөн-жөн адамдарга тийбейбиз. Мындан ары эч кимдин оюна коррупция деген ой келбеши керек",- деди Ташиев.