Бишкек шаардык сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралууда. Бул тууралуу анын тарапташтары социалдык тармакка видео жарыялады.
Сот имаратынын алдында аны тарапташтары тосуп алып, амандашып, ага дем-күч берип, баары жакшы болоруна ишенерин имараттын сыртында айтып жатышты.
Буга чейин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Курсан Асанов 2021-жылдын 26-мартына чейин камакка алынган.
Эске салсак, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 9-февралда СИЗО-1ден УКМКнын СИЗОсуна которулганы маалымдалган.