Бүгүн, 18-февралда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барып жергиликтүү калктын чек ара маселеси боюнча суроолоруна жооп берди.
Суроо-жооп учурунда Камчыбек Ташиев өлкө жаңыланууга муктаж экенин айтып жакынкы күндөрү бир нече чоң чиновниктер камакка алынарын билдирди. Бирок УКМКнын башчысы чиновниктердин атын атаган жок. Интернет айдыңында желдей тараган бул маалымат көпчүлүктү ойго салды көрүнөт.
Эгерде айтылган маалымат чын болсо, кайсы аткаминерлер темир тор артына түшөрүн убакыт көрсөтөт.