Ош мамлекеттик университетине мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаковдун ысымы ыйгарылат. Мындай чечим Ош шаардык кеңешинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
Буга чейин аталган жогорку окуу жайга Каныбек Исаковдун ысымын ыйгаруу демилгесин университеттин эмгек жааматы көтөрүп чыгышкан. Маселе парламентте каралып, сунуш шаардык коллегияга жөнөтүлөрү айтылган.

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ушул жылдын 12-ноябрында 51 жашында эки тараптуу пневмониядан улам мезгилсиз дүйнө салган. Ал Ош мамлекеттик университетин 2011-2019-жылдары жетектеген.