Биз социалдык тармакта

Бишкекте токтоп турган унааларды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте токтоп турган унааларды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-январда болжол менен саат 01:00 чамасында айдоочу унаасы менен Жумабек көчөсүнөн чыгышты көздөй бара жатып Ибраимов көчөсүнүн кесилишинен токтоп турган Хонда Фит жана БМВ-525 үлгүсүндөгү унааларды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

"Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылган. Бул факты боюнча издөө иш-чаралары жүрүп, кылмышка шектүү катары 1969-жылы туулган Ш.Г. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан