Бишкекте унаалар менен алдамчылык кылган деген шек менен 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17- ноябрында Ленин РИИБине И.К. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 28-августунда Н. аттуу жаран арыз ээсинин 12 миң 500 доллар турган Лексус RX-330 үлгүсүндөгү унаасын бир айдын ичинде Lexus GX-470 үлгүсүндөгү унаага алмаштырып берем деп убада берип, унааны ээлеп алып, качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "Алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1981-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар экендиги тууралуу тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.