Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өттү.
Мелдешке 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков финалда күчтүү делинген Калы Сулайманов менен кез келип, 7:0 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков 2021-жылдагы өлкө чемпиону аталды. Эки балбан 2020-жылы финалда кез келип, анда Калы Сулайманов жеңүүчү аталган.