18-февралда Ош мамлекеттик университетинде бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата "Тил - улуттун жүзү" аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, студенттер жана Ош мамлекеттик университетинин окутуучулар жамааты катышты. Иш-чаранын алкагында ар улуттун кол өнөрчүлөрүнүн буюмдарынын жарманкеси уюштурулуп, каада-салттары көрсөтүлдү. Чоң жыйындар залында концерттик программа тартууланып, Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштуруучуларга акчалай сыйлык тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.