Түркиянын Анкара шаарында Манастын айкели орнотулары айтылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эстеликти сейил бактардын биринде тургузуу элчи Кубанычбек Өмүралиев менен Анкара шаарынын Кечиөрен аймагынын мэри Тургут Алтыноктун жолугушуусунан кийин чечилген.
"Айкелди тургузуу демөөрчүлөр жана Кечиөрен мэриясы тарабынан каржыланат. Ушул эле Кечиөрен районундагы сейил бактардын биринде 2019-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да айкели тургузулган", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Чыңгыз Айтматовдун эстелиги Стамбул шаарында орнотулган.