Изделип жаткан Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин айылынын тургуну Гүланда Аманалиева аман-эсен табылды. Бул тууралуу Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
"Гүланда Аманалиева кечээ күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылынан табылды. Аны жолдошун, жакындарын чакырып аларга өткөрүп бердик.
Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам үйүнөн чыгып, иштеп кетип калган экен", - дешти аталган мекемеден.
Ал 2020-жылдын 30-октябрь күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан.