"Кызматын өтөп жаткан милицияны сабашкан". Панфилов РИИБи тергөө жүргүзүүдө

Чүй облусунун Панфилов районунда милиция кызматкерине кол көтөргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-февраль күнү Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Чалдовар айылындагы эсепке алуу постунда милиция кызматкерине кол салуу болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган маалыматты алган соң дароо ыкчам-тергөө кызматы чыккан. Милиция кызматкерлери барганда 16-февраль күнү болжол менен саат 16:00 чамасында белгисиз адамдар мас абалында эч себепсиз ошол жактагы кызматын өтөп жаткан кызматкерди ур-токмокко алып окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 18-февраль күнү шектүү катары 2000-жылы туулган К.Н. кармалып, убактылуу кармачу жайга камакка алынган. Андан кийин дагы эки шектүү 1999-жылы туулган Т.А. жана К.А. аттуу адамдар кармалып, тергөө иш амалдарын жүргүзүү үчүн тергөө кызматына жеткирилген. Учурда бардык керектелүүчү экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан