Биз социалдык тармакта

Түркиянын Кечиөрен районуна коюла турган Манастын айкелин жасоо иштери башталды

Түркиянын Кечиөрен районуна коюла турган Манастын айкелин жасоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Анкара шаарындагы эң ири район Кечиөрен муниципалитетинин маңдайындагы майданда Манастын айкелин тургузууну элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан. Кечиөрен муниципалитети айкел тургузула турган жерди даярдап, айкелдин постаментин жасоо милдетин алган. Ал эми айкел Бишкекте жасалат.

"Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалын эске алып, элчилик айкелди жасоо максатын ишке ашыруу үчүн Кыргыз өлкөсүндөгү ишкерлерге, Түркиядагы диаспоранын активдүү өкүлдөрүнө (дарыгерлерге, окумуштууларга, ишкерлерге) жана түрк досторго жекече кайрылган. Кийин Анкарадагы мекендештерибиздин тобу айкелди жасоо үчүн жумшала турган каражатка кошумча катары жардам жасоо демилгесин көтөрүп чыкканы жана активисттер тобунун атынан профессор Гүлзура Жумакунова эжебиз каражат чогултуу боюнча кайрылуу жасаганы маалым.
Белгилей кетчү нерсе, демилгечилер ушул күнгө чейин эч кандай каражат чогулбагандыгы тууралуу маалыматты билдиришти. Ошондой эле бул демилгеге салымын кошуу мекендештер үчүн милдеттүү болбогонун баса белгилейбиз.
Өз кезегинде, элчилик демилге көтөргөн диаспоранын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, каражат топтоо демилгесин токтотуу боюнча кайрылды.
Азыркы мезгилде Кыргыз өлкөсүндө жана Түркияда жашаган кыргыз ишкер жарандарыбыз эстелик орнотуу демилгесин колдоп жатканын, ошондой эле түрк досторубуздун арасынан да демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, айкелди жасоо иши башталды", - деп жазылат элчиликтин маалыматында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirlan27011987
2021-02-19 11:56:39
Ар бир эл оз баатырын ыйык тутуш керек. Бир эле Манас эмес, Манас атабыздан башка, кыргыздар тарыхка, баатырларга, улуу инсандарга бай элбиз. Аларды биз пайгамдарлардын да бийик тутушубуз керек. Тилеке каршы баатырларыбызды, тарыхыбызды даназалаган, ардактап, аларды жаштардын арасында жашоонун улгусу катары коргозгон кожолор жок. Бир эле мектептерде эмес, мечиттерде да кыргыз тарыхын, баатырларын, инсандарын даназалаган баяндар откорулуп турушу керек. Жаны муфтият ушундай реформага барыш к-к.
-6
nurgaz
2021-02-19 12:10:46
Mirlan27011987, сен башын менен бир жерди сузгон жинди окшойсун.
+2
emil91
2021-02-19 12:22:08
nurgaz,
Ар кимди жинди дей бербей озундун акылына жооп бер. Сен бир жактуу ой жугуртосун, ошондуктан айтылып жаткан ой пикирлерге чыдамсыз менен мамиле кылып жатасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан