Бишкектин Ленин районунда бекилип калган үйдүн ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-февраль күнү саат 20:44тө ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан батирдин жабылып калган эшигин ачышып, батирдин ичинен 1957-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан.
Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.