Кыргыз футболчу кызы Айдана Оторбаева дүйнөлүк уюмдун сыйлыгына ээ болду

Кыргыз футболчу кызы Айдана Оторбаева дүйнөлүк FIFpro уюмунун атайын сыйлыгына ээ болду. Мындай маалыматты футболчу кыз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Мени колдоп, мен үчүн тынчсыздангандардын бардыгына чоң рахмат. Бул менин жүрөгүмдү кубантып, жылытат. FIFpro Hero деген атайын сыйлыктын ээси болдум. Мен үчүн бул аз көрүнүп турса дагы, жагымдуу. Бул сыйлык мен үчүн чоң мааниге ээ. Менин кичинекей ыктыярдуу ишим мага ушунчалык жакшылык жана кубаныч алып келет деп ойлогон эмесмин. Азыр дагы мен аны аванс катары кабыл алып жаткандаймын", - деп жазды ал.

Буга чейин Айдана Оторбаеванын дүйнөлүк "MERIT AWARD" сыйлыгына көрсөтүлгөндүгү кабарланган.

FIFpro - бул кесипкөй футболчулардын бүткүл дүйнөлүк уюму. Учурда бул уюмдун карамагында дүйнөдөгү 42 улуттук футболчулар бирикмеси бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bakyt2020
2021-02-19 12:12:17
Азамат!!!Куттутуктайм!!!
+3
zhazgul98
2021-02-19 13:43:15
Ушул кыз тууралу кенен видео жаратып Кыргыз, Орус, англис тилдеринде интернетке кобуроок чыгаргыла. Ушундай кыздарыбыз кыргыз жаштарынын менталитетин озгортот, эскиче, орто кылымдын менталитетин карманган кыргыздардын оюн озгортууго туртку берет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан