Ошто эки унаа сүзүшүп, кырсыктан эки жаран жабыркады

Ош шаарында жол кырсыгынан эки жүргүнчү ооруканага кайрылды. Маалыматты Ош ШИИБнин Милиция кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 18-февраль күнү болжол менен саат 20:30 чамасында болгон. Анда Ош шаарынын 1990-жылы туулган тургуну Дэу Тоска үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарынын Осмонов көчөсү аркылуу түндүктөн түштүктү карай бара жатып сол тарапка дароо бурулган. Анын кесепетинен Субару Форестер унаасы менен сүзүшкөн. Ал унааны 1993-жылы туулган айдоочу башкарып келе жаткан.

Кырсыктан Субару Форестер унаасындагы жүргүнчүлөр 1992-жылы туулган А.к.А. жана 1994-жылы туулган А.Ж. алган жараатынан улам Ош шаардык ооруканага кайрылып, үйүнө жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан