Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын 2020-жылы жарыяланган эриш-аркак жылын узартууну сунуштады

Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын 2020-жылы жарыяланган эриш-аркак жылын узартууну сунуштады. Бул тууралуу анын "Слово Кыргызстана" гезитине чыккан макаласында жарыяланды.

"2020-жыл Орусия менен Кыргыз мамлекетинин эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө дагы бир стимул болду. Анын программасына 200дөн ашуун иш-чаралардын тизмеси кирип, эки тараптуу өз ара кызматташууну активдештирүү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү максаттарын көздөйт.

Тилекке каршы, биздин биргелешкен пландарга пандемия күтүүсүздөн түзөтүүлөрдү киргизип, мерчемделгендердин баары эле ишке ашкан жок. Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышын гана өткөрүүгө жетиштик, бирок айрым иш-чараларды кайрадан түзүүгө туура келди.Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү күнү жана Кыргыз мамлекетиндеги Орусиянын Эгемендүүлүк күнү онлайн режимде өткөрүлдү.

Көп улуттуу кыргыз элинин атынан мен эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуш кылам. Бул боюнча Орусиянын жетекчилигинен колдоо табарыма ишенем", - дейт ал.

Баткенде күйөөм сабады деген келин милицияга кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-02-19 12:53:11
Кыргызстанды өнүктүрбөй аткан эле 120 чимкириктер
+2
Mirlan27011987
2021-02-19 13:39:08
Кыргызстан светтик мамлекет болуш керек жана РФ менен чогу кетиш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан