Биз социалдык тармакта

Ош облусунда этти кайра иштетүүчү завод ачылат (сүрөт)

Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин балансында турган мекеме этти кайра иштетүүчү ири ишкана катары ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, долбоордо бул аймакта консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралган. Долбоорду Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов иштеп чыккан. Мындан сырткары ал универсалдуу трикотаж өндүрүү фабрикасы, электромобилдик сервис борбору катары колдонуу боюнча сунуштарын берген.

"Бул ишкана айыл өкмөтүнүн балансында гана болот, салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. 500дөй жаранга жумуш орду түзүлүү болжолдонгон. Ал үчүн жергиликтүү ишкерлер жеке салымы менен инвестор катары акциянын ээси болууга шарттар каралган.

"Биз 1970- жылдардагы Кыргызстандын эти деген брендди кайтарабыз. Кезинде РФ да биздин мамлекетте өндүрүлгөн эт консервалары өтө чоң суроо-талап менен алынып турган.

Кара-Суу районунун аймагында 3 заманбап мал союучу ишканалар курулуп жатат. Ошолордун сыръесу бул жерде даяр продукция катары экспортко чыгарылат", - деди Жарасул Абдураимов тийиштүү тармак жетекчилеринин катышуусунда жеринде өткөн жыйында. Азыр имараттын экологиялык бүтүмдөрү даярдалууда", - дешти мекемеден.

Баткенде күйөөм сабады деген келин милицияга кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nina.alex
2021-02-19 14:07:01
Илгерки союз учурундагы здание го. Жаны ачвлбай эле
-1
Kulatov
2021-02-19 14:39:12
Nina.alex,бизде жакшы сөз табылбай калбанбы качан караба наалганыбыз наалыган
+3
NURSAPAR
2021-02-19 14:24:13
Кайсы айыл өкмөтү экен?
+1
algakaray
2021-02-19 14:36:31
Ушундай жанылыктар коп болсунчу! Онуголу да эми болду да жата беребизби?
+5
bond0202
2021-02-19 18:11:49
Ар райондорго ачыш керек ушундай чон ишканаларды.кафе ресторандарды жаап супер маркет кылса продуктулар арзандайт конкуренция болуп.ансыз онукпойбуз
+2
supish2017
2021-02-19 19:39:27
Кайра иштетүүчү эмес жон эле эт иштетүүчү завод десеңер.
Же пайдаланылып буткон эттен жасалабы экен..
+1
Alinur96kg
2021-02-20 03:56:37
supish2017, колбаса,сосиска жасалат.Сооктордон иттерге жем(костная мука) жасалса керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан