Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүүдө (видео)

Бүгүн, 19-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүүдө.

Митингге болжол менен миңдей адам катышууда. Митингге чыккандар колдоруна "Акыйкаттуу чечим талап кылабыз", "Райымбек кыргыздын патриоту", "Райымбек Исмаиловичке боштондук" деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Кечээ, 18-февралда УКМК Райымбек Матраимовду кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармагандыгы кабарланган.

Кара-Сууда Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүүдө
Кара-Сууда Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүүдө
Кара-Сууда Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Donikg
2021-02-19 15:12:00
Раимды колдош керек саясат кылбай жон эле
-16
nazarnew
2021-02-19 15:20:30
Сатылганбандиттер, келесоолор чыгыштыбы, камалсын и митингге чыккандарды да оптом камап салгыла, Кыргызстандын келечегине балта чапкан
+11
bond02
2021-02-19 15:30:06
Бир жерде камалсын десе бир жерде камалбасын деп, эн негизги курал митинг го биздики э.
+12
Eldik1111
2021-02-19 15:45:52
Д Садырбаеы бекеринен айтпаган экен Кайран эл деп
+13
mirlan-2007
2021-02-19 15:53:12
Камаса дагы балее камабаса дагы балее эмне кылыш керек силерге ким акча берсе митинг ким акча берсе ошону шайлап
+12
Spb
2021-02-19 16:01:57
Соз жок кыкелерге откондо каматалбай шаштынар елего тушунуп болбойт
+7
baisogur
2021-02-19 16:23:40
Митинк акча
+6
AdylbekB84
2021-02-19 16:48:43
Сатылган саткындар!
+10
bekuluik
2021-02-19 17:36:19
Райымдын богун жесенер анан бошот ...
+6
supish2017
2021-02-19 19:31:42
Дежур чалдар
Дедур балдар
Дежур катын
Дежур кыз.
Сат сата бер сата бер,
Колтугундун жүнүн сат...
+4
Jaka78
2021-02-19 19:53:18
Канча сомдон алдынар,кудайдан коркпогон акмактар...
+4
Nazic
2021-02-19 22:46:33
Тойгозушту, 5 сом берсе келесоодой байрагын которуп чыгып алышып... Пейилине жараша алып отурушат да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан