Биз социалдык тармакта

Токмокто айланма унаа жолундагы өрттөн 4 гектарга жакын куураган чөп күйдү

Чүй облусунун Токмок шаарында айланма унаа жолундагы өрттөн 4 гектарга жакын куураган чөп күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында 4 гектарга жакын куураган чөп күйгөн. Жерине куткаруучулардын 4 бөлүмү тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында өрт чыккан жердин жанындагы май куюучу станцияга жетпей өрт 23.40та толук өчүрүлгөн, жабырлануучулар жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-февраль Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ачык аянтта камыштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 18:39да куткаруучулардан жалпы 4 бөлүм тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан