Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарында бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

Жалал-Абад шаарында бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада шаардык билим берүү бөлүмү, мугалимдер жана мектеп окуучуларынын катышуусунда 10го жакын улуттун каада-салты, үрп-адаты көрсөтүлдү. Алардын ыр-бийлери даңазаланып, улуттук тамак-аштары көргөзмөгө коюлду.
"21-февраль - эл аралык эне тил күнүнө карата шаардагы мектептерде атайын иш-чаралар өтүүдө. Бүгүн №14 С.Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинде фестиваль өттү.
Саамалык улуттар аралык ынтымакты бекемдеп, окуучуларга кеңири жайылтуу максатын көздөйт", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан